Токтогулда милиционерлер далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алган

Токтогулда далил зат катары алынган ири өлчөмдөгү баңгизатты милиция кызматкерлери уурдап алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук милициясынын айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД