Айдаркенде акыркы коңгуроо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Айдаркен шаарында жаш өспүрдөрдүн коопсуздугу талкууланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айдаркен шаарында шаар аймагындагы мектеп директорлору менен Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору менен жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жаш өспүрүмдөрдөрдүн коопсуздугун камсыз кылууда акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелер күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле экскурцияларга, тоолорго чыгууга, унааларда кортеж уюштуруп сейилдөөлөргө тыюу салынарын, ат-эненин жоопкерчилиги да караларын билдиришти.

2022-жылдын 5 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр катышкан 1 уурулук фактысы, ал эми жаш өспүрүмдөргө карата 1 кылмыш катталып, бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД