Жасалма диплому бар айыл өкмөттүн адиси пара бергенге шектелип кармалды

УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана КР Президентинин "Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.

Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД