Бишкекте канализациялык коллектор курулууда

Бишкекте канализациялык коллектор курулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, канализация коллекторун куруу иштери "Бишкек шаарынын суу менен камсыздоосун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен белгилешкендей, тазалоочу курулмалардын кабыл алуу камерасынан Фучик-Ленская көчөлөрүнүн кесилишине чейин канализациянын басым түтүгүн тартуу иштери аяктады.

Түтүк өткөргүчтүн узундугу - 2 чакырым 714 метрди түзсө, долбоор боюнча канализациялык системанын жалпы узундугу - 11 чакырымды түзөт.

Жаңы канализация тутумун куруу үчүн диаметри 1000 мм жана 2000 мм темир бетон түтүктөрү колдонулат. Булар заманбап туруктуу, бактериялык чабуулга дуушарланбайт, ысыктан, кургакчылыктан, нымдуулуктан жана үшүктөн коркпойт. Жаңы материалдар түтүктөрдүн ишенимдүүлүгүн 50 жылдан кем эмес кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.

Канализация түтүктөрүн орнотуу - атайын жабдууларды, белгилүү бир билимди жана көндүмдөрдү колдонууну талап кылган татаал процесс.

Иштин максаты - борбордун түштүк жана батыш аймактарында калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле калктуу конуштун саркынды сууларды чыгаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын сентябрь айында "Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун алкагында (II фаза) канализациялык коллекторду куруу иштери башталган. Курулуш эл аралык уюмдардын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

"Бишкек шаарын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" (II фаза) долбоору Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" ӨЭБсы тарабынан ишке ашырылат.

Долбоордун наркы 16 млн еврону түзөт, анын ичинен 8 млн евро насыя жана 8 млн евро грант түрүндө. Долбоорду 2023-жылы аяктоо пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД