Нарында акча талап кылган деп дарыгер кармалды

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү опузалап акча талап кылган дарыгерди кармашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-февраль күнү Нарын ОБОнун дарыгери Д аттуу аял Бишкек шаарына КРнын социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна жөнөткөн, ал жака барган учурда ошол жерде иштеген Ж аттуу аял менин кызым 2004-жылы туулган К.А эч кандай психикалык оорусу жок болсо дагы 2-группадагы майып, аракетке жөндөмсүз деп чыгарып бергендигине карабастан Ж аттуу аял менден жалган справка берсе дагы 14000 сом акча каражатын менден мыйзамсыз талап кылып жатат деп Нарын ШИИБнө Нарын районунун тургуну Ж.О. кайрылган.

Аталган факты Нарын ШИИБи тарабынан каттого алынып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголгон.

Атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө арыз ээси Нарын районунун тургуну 1968-жылы туулган О.Ж. 2022-жылдын 16-май күнү Нарын ОБОнун короосунда Бишкек шаарынан келген КРнын социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкерине 1000 сом үлгүсүндөгү 14 даана акча каражатын, тактап айтканда 14000 сом берип жаткан учурда Нарын ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан жеринен КРнын социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкери кармалып өздүгүн тинтүү учурунда өзү көтөрүп жүргөн пакеттин ичинен 14000 сом акча каражаты чыккандыктан, ал кызматкерлердин талабын аткарып өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Нарын ШИИБнүн имаратына алып келип КРнын социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспретизалоо борборунун кызматкерин өздүгүн тактоо учурунда, ал Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1977-жылы төрөлгөн Нарын шаарынын Раззакова көчөсүнүн №12-үйүнүн 6-батиринде катталып, Бишкек шаарынын Ахунбаева көчөсүнүн №3/2-үйүнүн убактылуу жашоочусу А.К. экендиги такталып, 16-май 2022-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 208-бер. 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыктан А.К. айыбы угузулуп, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-ст. 2-б. 1-п.п. талабына ылайык, 17.05.2022-жылы Нарын ШИИБнүн УКЖна саат 00:15до убактылуу кармалып, Нарын шаардык тергөө соту тарабынан кармалгандыгы мыйзамдуу деп деп табылып эч жакка чыгып кетпөө тил катын тандоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Ал эми арызда көрсөтүлгөн жабырлануучунун кызы 2004-жылы туулган К.Анын оң кулагы туубаса угусу начар болгондуктан, ал алган жаракаты аракетке жөндөмсүзгө алып келгендигин же алып келбегендигин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мындан сырткары анын акыл ээсин текшерүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалууда.

Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД