Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылып турат

Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жай мезгили келип, малчылар жана чабандар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго чыга баштады.

"Буга байланыштуу малчылар Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында тактап айтканда, Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннель аркылуу мал айдап өтүшөт. Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабы тең убактылуу жабылып турат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД