Румыния кыргызстандык абитуриенттер үчүн бекер квота берүүгө даяр

Кечээ, 25-майда Бухарест шаарында Кыргызстандын Румыниядагы (резиденциясы Киев шаарында жайгашкан) элчилигинин кызматкерлери Румыниянын Политехникалык университетинин ректору М.Костои менен жолугушту.

Кыргызстан тарап университет менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстандын ЖОЖдору менен байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ректор Костои быйылкы окуу жылында Кыргызстандан келген абитуриенттер үчүн бекер квота берүүгө даяр экенин билдирди.

Университет Кыргызстандагы кызыкдар болгон ЖОЖдор менен келишим долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД