Бейшеналиев ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алды.

Бейшеналиев агенттикке билдиргендей, ал юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеевдин, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеванын кызматтан кетүү тууралуу арыздарына кол койгон.

Мындай чечим алар министрдин орун басарлары менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп, министрлер кабинетинен ведомство башчысын кызматтан алуу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД