Оштун тургунунан Июнь окуясында уурдалган Калашников автоматы алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган АКС үлгүсүндөгү 7.62 калибриндеги Калашников автоматы алынды.

Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, бул куралды Кара-Суу районунун 1985-жылы туулган К.А. аттуу тургуну мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды.

Алгачкы тергөөнүн маалыматтарына караганда бул курал 2010-жылы, июнь окуялары учурунда коомдук тартипти орнотууга тартылган түзүмдөрүнүн биринен уурдалган.

Учурда алынган куралга карата соттук-баллистикалык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалары дайындалып, тийиштүү тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД