Нарында милиция "Балдар биз менен бирге" аталыштагы иш-чара өткөрдү

Бүгүн, 27-май күнү М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган "Балдар биз менен бирге" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков,Нарын шаардык бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, коомдук активисттер, Жаштар уюму, мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелердин катышуусу менен болуп өттү.

"Балдар биз менен бирге" аталышындагы иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин "Инсандын руханий адеп ахлахтык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү" Жарлыгына ылайык жана 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулду.

Алгач, Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков иш-чаранын ачылышын жасап, негизги максаттарына токтолуп," Өзүңүздөр билгендей бул жолугушуубуз биринчи жолу эмес, мындай жолугушуулар менен дайыма чогулуп, бир катар алгылыктуу маданий,руханий, өсүп өнүгүүгө өбөлгө болгон иш-чараларды алдын алуу субьектилери менен биргеликте өткөрүп келебиз. Биз балдарыбызга, келечек муундарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жарандар үчүн, адам укуктарын коргоо үчүн иштеп турган өлкөдө жашап жаткандыгыбызды, ар бир бала мыйзам менен корголоорун түшүндүрүп жеткирүү жана балдар арасындагы укук бузуулардын, кылмыш, кырсыктардын алдын алуу, келечек муундарды мекенчилдик сезимге, үй-бүлөлүк балуулуктарды сезе билүүгө, келечекте кесип тандоого багыт берүү, окуучулардын аң сезиминин өсүп өөрчүшүнө өбөлгө түзүү негизги максаттарынын бири болоорун баса белгилеп өттү"- А.Жумабеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарына туура тарбия берип, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулардын ата-энелерине Нарын ШИИБнүн Ардак грамоталары ыраазычылык каттары тапшырылып, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган видео тасма көргөзүлүп, Нарын ШИИБнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан даярдалган "Эне мээрими" сценкасы коюлуп, ыр бий менен коштолуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Жыйынтыгында келген коноктор иш-чара боюнча жакшы ой-пикирлерин калтырып, милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан ишмердүүлүгүнө баа берип ыраазычылык билдирип өтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД