
Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылынын балдары ынтымакта спорт менен машыгууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору милициянын ага лейтенанты Каныбекова Жадыра өзү тейлеген Көк-Дөбө айылындагы Ашым Шыйкымбаев атындагы толук эмес орто мектебинде атайын спорттук мелдеш өткөрдү.
Мелдештин максаты балдарды топтошуп мушташуудан, мыйзамсыз аракеттерден алыстатып, спортко болгон кызыгууларын арттыруу болду. Мелдешке Чолпонбай айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептин окуучулары болуп, жалпы 4 курама команда катышышты. Курама командалар спорттун 3 түрү боюнча күч сынашты. Алар футбол, волейбол жана аркан тартыш оюндарына болду.
Анын жыйынтыгында 1–орунду Чолпонбай айылынын Жеңижок атындагы орто мектеби, 2-орунду Сыйнат Садыкова атындагы орто мектеп, 3-орунду Байсылда Мырзабаев атындагы орто мектептин окуучулары ээлешти. Сыйлык тапшыруу аземине Кара-Буура РИИБдин начальниги милициянын полковниги Калманбетов Майрамбек катышып, балдарга "Спорт ден-соолуктун булагы, дени сак адам-дени сак өлкө"- деп сергек жашоого чакырып, билимдүү жаркын келечекке үндөгөн каалоо тилектерин айтты.
Ынтымакка, достукка жана биримдикке өбөлгө түзгөн бул иш чара ийгиликтүү аяктап, балдар үйлөрүнө көңүлдүү тарашты.