
Тажикстанда Ирандын аскердик дрондорун чыгара турган ишканасы ачылды. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Ирандын "Абабил-2" аскердик дрондорун чыгара турган ишкананын ачылышы 17-майда Душанбе шаарында өттү. Ага Иран армиясынын Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо баштаган жогорку даражалуу аскердик жетекчилер катышты.
Душанбедеги аскердик ишкананын ачылышы тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары байма-бай жазганы менен Тажикстандын расмий органдары жаңы дрон өндүрүшүнүн чоо-жайы, анын тажик армиясындагы болочоктогу орду тууралуу деталдуу маалымат тараткан жок.