Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттар бузулууда

Бишкектин Космическая жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат берилбеген, мыйзамсыз капиталдык имарат бузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бузуу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын доо арызынын негизинде жүргүзүлүүдө. Арыз Ленин райондук сотунун чечими менен канааттандырылган.

Аянты 126 чарчы метр болгон имараттын тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД