
Борбор калаанын Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын жетекчилиги жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө мектептердин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Биринчи май районунда 27-28-май күндөрү тестирлөөнүн экинчи этабы №6, 24, 27, 28, 29, 69 мектептерде башталып, эки нөөмөт менен окутулду.
Маалыматка караганда, ар бир мектепке балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкери, участкалык инспектор жана медициналык кызматкерлер бекитилген. Үчүнчү этап 24 жана 25-июнга белгиленген.
Быйыл Биринчи май району боюнча 1910 мектеп окуучусу 11-классты аяктаса, анын 76сы өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуучу абитуриенттер.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, каалаган Жогорку окуу жайларга тапшырууну каалайт.