Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Туманбаев Каныбек Тургунбекович президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Президент кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Батырканов Тилек Карыбекович президенттин иш башкаруучусу ээлеген кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД