
Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагында ата-энелерге эскертүүлөр берилип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун сактоо максатында балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери милициянын участкалык уполномоченныйлары менен биргеликте профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Ушул жылдын 9-июнунда белгиленип жаткан акыркы коңгуроо майрамы жана бүтүрүү кечелери күнү жаш өспүрүмдөр өз алдынча экскурцияларды уюштуруп, ресторан-кафелерде иш-чараларды өткөрүп, унааларда кортеж менен сейилдөөгө тыюу салынганын белгилеп, эскертүүлөрдү беришүүдө.
Бул аймакта жыл башынан бери профилактикалык иштер жакшы жүргөндүктөн жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук катталган эмес.