Бүгүн Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Бүгүн, 31-майда Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 21:00гө чейин жок болот.

Алсак, Туңгучтагы Анкара - Рухий Мурас көчөсүндө, №181 бала бакчада, №73, № 92 мектептеринде жана "44 га" конушунда суу өчүрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД