
Коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын аягында алгандар үчүн бустердик дозаны алууга убакыт келди. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ооруканага жаткыруудан жана өлүмдөн коргоо биринчи кезектеги эмдөө курсу аркылуу 6 ай бою көпчүлүк адамдар үчүн жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталат.
Бирок, коргоо даражасы вакцинанын түрүнө, жаш курагына жана жергиликтүү кырдаалга, анын ичинде вирустун варианттарына жараша өзгөрөрүн билүү зарыл.
Ошондуктан иммунолог жана эпидемиолог дарыгерлер 2-дозаны алгандан кийин 4-6 ай өткөн соң бустердик дозаны алууну сунушташат.
Ревакцинация сыяктуу эле бустерди учурда бар ар кандай вакцина менен жасоого болот. Чет өлкөгө чыккандар үчүн кирген өлкөнүн талаптары менен таанышуу зарыл.
Бүгүнкү күндө КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө үчүн: Pfizer (АКШ) жана Sinopharm (Кытай) компанияларынын вакциналары бар.
Сиз эмдөөнүн баштапкы курсун, ошондой эле бустердик дозаны үй-бүлөлук медицина борборлорунан жана убактылуу эмдөө пункттарынан жасата аласыз.