
Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чаралар учурунда төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
-Кең Чүй көчөсү Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
-Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн түндүктү көздөй М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү ;
-Фрунзе көчөсү чыгышты көздөй Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ошондой эле өткөрүлүүчү майрамдык иш-чарага байланыштуу борбордук жана эски аянттар саат 07:00 дөн тартып, 12:00гө чейин жабык болот.
Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жабылуучу көчөлөрдү эске алып, маршурттук кыймылды алдын ала пландоо менен кошумча башка жолдор менен жүрүп турууну сунуштайт.