
Шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө окуу жылынын аякташына карата алдыдагы салтанаттуу акыркы конгуроону өткөрүү маселеси талкууланды.
Эскерте кетсек, 9-июнда саат 9:00дө шаардын бардык мектептеринде салтанаттуу акыркы конгуроо аземи болот.
Мектептерде акыркы конгуроону майрамдоо үчүн кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле парктардагы сейилдөөлөргө, жаратылышка жана суу сактагычтарга саякаттоого тыюу салынат.
Урматтуу шаардыктар! Тартипти сактабагандарга жана болгон окуяларда жоопкерчилик чаралары каралат. Салтанаттуу акыркы конгуроо аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт.