Талас шаарында милиция агын сууларды текшерүүдө

Талас шаарында милиция агын сууларды текшерүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күндүн жылышы менен жергиликтүү тургундар жана шаар коноктору токойго же башка жаратылыш аймактарына эс алууга барышат. Ички иштер органдары тарабынан сууга чөгүү кырсыктарын болтурбоо максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, тактап айтканда милициянын участкалык уполномоченныйлары агын сууларды текшеришти. Текшерүү учурунда кооптуу деп табылган агын суулардын жана көлмөлөрдүн, каналдардын жээгине атайын эскертүүчү табличкаларды орнотушту. Анда эс алууда жүргөн жарандар да эскертилип, коопсуздук боюнча түшүндүрмө алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД