Чүйдө абактын ичинен граната табылды

Чүй облусундагы Новопокровкадагы №3-мекемесинен гранатага окшош буюм табылып, кооптуу табылган буюмду саперлор жеринен жардырышты. Бул тууралуу ЖАКынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-май күнү эртең менен саат 09:40 чамасында Чүй облусунун Новопокровка айылындагы КР Юстиция министрлигинин №3-түзөтүү мекемесинин эски кургак учук ооруканасынын аймагындагы короодогу бактын түбүнөн мекеменин кызматкерлери гранатага окшош шектүү жашыл түстөгү буюм табышкан.

Окуя болгон жерге КР Коргоо министрлигинин сапёрдук тобу тартылып, объектти изилдеп, мүмкүн болуучу коркунучтарды болтурбоо максатында аны жардыруу жолу менен жок кылуу иштерин жүргүзүшкөн.

Текшерүү иш-чаралары ЖАКнын тиешелүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД