Президенттин катышуусунда "Наристе" балдар фольклордук фестивалы өтөт

Бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Наристе" II Эл аралык балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Фестивалдын алкагында борбор калаанын Чүй проспектисинде өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 3000ге жакын катышуучулардан турган параддык жүрүш өтөт. Андан соң фестивалдын ачылыш аземи болот.

Андан кийин Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Балалык ыргагында" иш-чарасы өтөт.

Иш-чараларды УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт.

Эфир саат 09:0дө башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД