
Ош шаардык милициясы балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов жана башкармалыктын начальнигинин орун басары Таалайбек Нурбаев 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында орун алган Ош шаарынын кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда болушту.
Аталган борборго Ош ШИИБнын начальниги Акылбек Мамасейитов барып, ал жерде дарыланып жаткан өспүрүмдөрдүн ден соолугунан кабар алды жана борборго материалдык жардам көрсөтүп, белектерди, таттууларды тапшырды.
Мындан сырткары жаш өспүрүмдөргө театрлаштырылган музыкалык оюн зоок уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн маанайын көтөрүштү. Ал эми келген коноктор өспүрүмдөрдүн көрсөткөн таланттарына күбөө болушту.
Борбордун тарбиялоочулар менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жашоо шарты менен таанышышты жана айрым кемчиликтерге жакындан жардам көрсөтө тургандыгын айтты.
Жалпысынан аталган борбордо Ош шаары жана өлкөбүздүн түштүк облустарынан (Ош, Баткен, Жалал Абад) келген тубаса майып жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана өспүрүмдөргө комплекстүү реабилитациялоо жардамдарын көрсөтөт. Борбор 7 айдан 16 жашка чейинки нерв системасынан жана кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр үчүн медико-социалдык, педагогико-психологиялык реабилитациялоо кызматтарын жүргүзөт, реабилитациялык курс 35 күнгө чейин жүргүзүлөт. Борбор 70 орунга ылайыкталган.