
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан балдарга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Нарын шаарындагы "Наристе-Нур" балдар бакчасына өздүк курамдын атынан балмуздак таратылды.
Мындан тышкары Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарындагы "Кадам" реабилитациялык борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алып алардын колунан жазалган көркөм кол өнөрчүлүгүнө күбө болуп, жакындан таанышып майрамга утурлай акчалай жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле Нарын ШИИБи шаар аймагында эс алып жүргөн балдарга жана троллейбуста каттаган жашы жете элек өспүрүм балдарга жол эрежелерин түшүндүрүү менен атайын китепчелерди таратышып, балдарга Нарын ШИИБи тарабынан бал муздак берилди.
Андан соң Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Нарын шаарында жашаган 1- топтогу майып балдарга азык-түлүк алып берип жардам көрсөтүштү.