Ысык-Көлдө унаа жолго түшүп келген кулжаларга тоют жеткирилди

Ысык-Көл облусунда унаа жолго түшүп алган кулжаларга тоют жеткирилип, коргоого алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-майда министрликтин инспекторлору "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кызматкерлери жана "Илбирс" фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Жети-Өгүз районундагы Арабел ашуусундагы кулжалар автоунаа жолуна түшүп алгышкан аймакка барышып, тоюндуруш үчүн 1,5 тонна чөп түшүрүшкөн.

"Азыркы учурда кулжалар коргоо алынган. Аба ырайы жакшырганга чейин жапайы жаныбарларды тоюттандыруу жана багуу улантылат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД