Манас районунда милициясы балдарга кам көрүүдө

Манас районунда милициянын начальниги балдарга кам көрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-июнь күнү Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Акматов Айбек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен бирдикте Манас районуна караштуу Покровка айылында жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерин тапшырып, учурдагы абалын көрүп келди.Аларга кам көрүү максатында майрамдык маанай тартуулап, балдарды кубандырган белектери үчүн алар милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бул иш чара бир гана майрам күнү эмес, башка күндөрү дагы жүргүзүлүп, ара тараптан колдоо көрсөтүп турушаарын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД