
Милициянын кайгуул кызматы жаш балдарга карата майрамдык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы "Ивент_01" уюму менен биргеликте "Азия Мол" соода борборунун астында жаш балдардын бүгүнкү майрамы менен куттуктоо иретин атайын майрамдык иш-чара уюштурду. Иш-чарага эки жүздөн ашуун жаш балдар келип, башкармалык тарабынан юуштурулган оюндарга, оюндан уткан балдарга берилүүчү сыйлыктарга жана эң негизгиси өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн, көрсөтүлгөн жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эрежелерге күбө болуп кетишти.
Иш-чарага Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы милициянын подполковниги Алмазбек Исаков сөз сүйлөп, иш-чарага катышкан жаш өспүрүмдөрдү бүгүнкү Эл аралык балдарды көргөө күнү менен куттуктоо менен ата-энелерине балдардын жолдогу коопсуздугу үчүн, жол эрежелерин так сактоого чыкырды.
Майрамдык иш-чаранын соңунда жаш балдарга милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бал муздак жана шириндиктер таратылды.