Талас ШИИБи балдарга белектерди таратты

Талас ШИИБи балдарга белектерди таратты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Тантиев Асрол милициянын участкалык уполномоченныйлары менен бирдикте шаарда жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары менен таанышты. Анда материалдык жардамга муктаж болгон калктын аярлуу катмарындагы жалгыз бой көп балалуу аялдардын абалы менен жеринен көрүп келди. 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өздүк курамдын атынан жана жеке өзүнүн атынан ал уй-бүлөлөргө азык-түлүк жана балдарга ширин суусундуктарды тапшырды. Ал үй-бүлөлөргө милиция кызматкерлери дайыма укуктук-социалдык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин жана колдон келишинче материалдык дагы колдоп тураарын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД