Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулдар 22,7 млрд сомго каржыланды

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 2022-жылдын январь-май айына 22 млрд 746,8 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бишкек шаары - 3 млрд 668,5 млн сом;

- Чүй облусу - 3 млрд 443,7 млн сом;

- Нарын облусу - 1 млрд 805,4 млн сом;

- Ысык-Көл облусу - 2 млрд 071,5 млн сом;

- Талас облусу - 942,2 млн сом;

- Ош шаары - 816,5 млн сом;

- Ош облусу - 4 млрд 174,1 млн сом;

- Баткен облусу - 1 млрд 907,7 млн сом;

- Жалал-Абад облусу - 3 млрд 917,3 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын май айына 4 млрд 580,1 млн сом түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД