
Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы реконструкциялоодон кийин иштей баштаган "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, комплекстин имараты 17 жылдан бери токтоп, курулуш иштери өткөн күздө кайрымдуулук марафонунан кийин башталган.
Борбор Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде 19,5 миң чарчы метр аянтта жайгашып, көлүдүн климаты, бальнеологиялык шарттары балдардын ден соолугун чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу.
Борбордо: ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардамды камтыган балдардын соматика бөлүмү жайгашкан.
Эхокардиограф, операциялык жана реанимация бөлмөсү менен жабдылган кардиохирургиялык борбор иштейт.
Учурда комплекске биринчи агымда 194 бала жайгаштырылган, анын ичинде реабилитацияга муктаж жана жайкы лагерге эс алганы келген балдар бар.
Мамлекет башчысы бул комплекске бүгүнтөн тартып 15-сентябрга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары келерин белгиледи. Ар он күндө 250 бала кабыл алынат. Дагы бир максат ишке ашты - "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык комплекси ачылды.
Садыр Жапаров "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык борборунун аймагына көчөттөрдү отургузду.