Теги кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду

Теги кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын Сеул шаардык кеңешине депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кечээ, 1-июнда Түштүк Кореяда облустук жана шаардык кеңешке шайлоо өткөн. Айсулуу Ашыралиева Сеул шаардык кеңешине депутат болуу үчүн талапкерлигин коюп, жеңишке жеткен.

Аида Исмаилов Ашыралиева ар дайым элчиликке көмөктөшүп, иш-чараларды өткөрүүгө салым кошуп келгенин белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД