Роза Отунбаева Башкы прокуратурага чакырылды

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Башкы прокуратурада баарлашууга чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Андагы маалыматтар боюнча, Роза Отунбаева көзөмөл органына бүгүн, 2-июнда келиши керек. Ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чакыртылган.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат азырынча жок экенидигин белгилеп, тактаган соң кененирээк маалымат бериле турганын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД