
КМУда мугалимдердин эмгек акысы 60 пайызга жогорулады. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университтинде профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде профессорлордун, доценттердин, улук окутуучулардын, окутуучулардын жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин маянасы 60 пайызга жогорулады.
Ал эми ректорат кызматкерлериники 50 пайызга көбөйсө, окуу жайдын администртивдик чарба иштеринде эмгектенген кызматкерлердики 80 пайызга жогорулады.
Белгилей кетсек, айлык маяна университеттин өздүк каражатынын, студенттерден түшкөн контрактын эсебинен көбөйтүлдү.
Буга чейин, тактап айтканда бир ай мурда бюджеттик негизде иштеген профессорлук -окутуучулар курамдын айлыктары мамлекеттин эсебинен көбөйтүлгөн болчу.
"Университет окутуучулардын маянасын жогорулатуу менен аларга стимул жаратаарын белгилеген университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов окуу жайда алдыда дагы көп жакшы иштер аткарылаарын 31-майда өткөн Окумуштуулар кеңешинин жыйынында баса белгиледи.
КМУнун мугалимдер жамааты жетекчиликтин мындай чечимин жылуу кабыл алганын айтып, ыраазычылык билдирип жатышат.
Эске сала кетсек, КМУда иштеген окутуучулардын эмгек акылары былтыр да жогорулаган болчу. Мындан тышкары мындан ары жакшы иштеген окутуучуларга жылына бир жолу 100 миң сом өлчөмүндө сыйлык акча берилээри тууралуу ректордун буйругу чыкты.
И. Арабаев атындагы КМУда учурда 1000 миңге жакын окутуучу эмгектенет.