
Бүгүн, 2-июнда "Instituto Prime Group" эл аралык уюму Кыргызстанда өз офисин ачты.
Уюмдун президенти Карим Бухут мырза жергиликтүү ЖМКларга билдиргендей, алардын Кыргызстандагы кызыкчылыгын Бишкектеги "Instituto Prime Group" офиси колдойт жана өнүктүрөт. Кыргызстандагы өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп Ильгиз Сарылдык уулу дайындалган.
"Биздин уюм планетадагы адамдардын жашоосун жакшырта турган, узак мөөнөттүү оң өзгөрүүлөр үчүн дүйнө жүзү боюнча жергиликтүү коомчулуктар менен тыгыз кызматташат. Эми биз Кыргызстандын тургундары үчүн дагы ачарчылык, жетишсиз тамактануу жана жакырчылык шартындагыларга татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүүнү көздөп келдик", - деп белгиледи өз сөзүндө Карим Бухут мырза.
Андан соң ал: "Ильгиз Сарылдык уулунун "Instituto Prime Group" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп тандалышы кокустан эмес. Биз аны жоопкерчиликтүү жаран жана өз өлкөсүнүн патриот атуулу катары билебиз жана ишенебиз", деп кошумчалады Карим Бухут мырза.
"Instituto Prime Group" уюмдун Бишкектеги кеңсеси Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жактайт. Ошондой эле конкреттүү социалдык долбоорлорду түзүүгө жардам берүүгө ниеттенет жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине азыркы геосаясий абалда ээ болуу биздин биринчи приоритет", - деп толуктады өз сөзүндө Ильгиз Сарылдык уулу.
Маалымат үчүн:
"Instituto Prime Group" Prime Group конгломераты тарабынан каржыланат. Эл аралык бейөкмөт уюмдун штаб-квартирасы Бразилияда, анын филиалдары Малиде, Гвинеяда, Конакриде, Анголада, Конгодо, Сенегалда. Эми Кыргызстанда да ачылды.