Бишкекте коомдук транспортто тиркеме аркылуу 5 сомдон төлөөгө болот

Бишкекте жыл аягына чейин муниципалдык транспортто тиркеме аркылуу 5 сомдон төлөөгө болот.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарандардын көп сандаган кайрылуулары боюнча Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти "Тулпар" долбоору жана Balance.kg мобилдик капчыгы менен биргеликте акция өткөрүүдө.

"1-июндан баштап муниципалдык транспортто жол кире акысын Balance.kg мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөдө жол кире 11 эмес 5 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта

Balance.kg тиркемеси аркылуу төлөө үчүн төмөнкүлөр керек:

-тиркемеге кирүү;

-муниципалдык транспорттун кире беришинде жайгашкан QR кодун сканерлөө;

-төлөө.

Акция 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД