
Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучуларына жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы орто мектебинде жол коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактыларын болтурбоо максатында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул түшүндүрүү иштерин Кадамжай РИИБнин ЖКККнын кызматкерлери, милициянын участкалык уполномоченныйлары, балдар менен иштөө инспекторлору жүргүзүп, мыйзамда көрсөтүлгөн ата-энелердин жоопкерчиликтерин эскертишти.
Б.Айтматов орто мектебинде 1118 окуучу билим алат. 2022-жылдын 5 ай аралыгында бул мектепте жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштар болгон эмес.