Чычкан суусуна Lexus автоунаасы түшүп кетти

Кечээ, 2-июнда Бишкек–Ош унаа жолунун 275-чакырымында Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаасы Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде беш адам болгон, экөө жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

Жерине беш куткаруучу, бир жүктөгүч жана ИИМден бир экипаж тартылып, унааны суудан чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД