Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануужана билип туруп пайдасыз келишим түзүү.

Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД