Кыргызстанда ажыга баруучулар эмделүүдө

Кыргызстанда ажыга баруучулар эмделүүдө. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында 2022-жылы ажылыкка баруучуларды эмдөө иштери башталган.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, ажылыкка катышуу үчүн 2022-жылы 2766 квота бөлүнгөн.

Ажылыкка чыккандар үчүн виза алуудагы негизги талаптар:

1. Ажыга баруучулардын жашы 65 жашка чейин;

2. COVID-19га каршы эмдөө алуу;

3. Өлкөдөн чыкканга чейин 72 сааттын ичинде COVID-19га тесттин терс жыйынтыгы тууралуу сертификаттын болушу.

Эскерте кетсек, исламда COVID-19га каршы эмдөөгө уруксат берилген.

Сауд Арабия Королдугу тарабынан белгиленген шарттарга ылайык, ажылыкка баргандар эмдөө тууралуу сертификатты көрсөтүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД