Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип ок чыгарышты

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

"Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКларынын Чек ара кызматынын башчылары У. Шаршеев жана Р. Рахмоналинин бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү жана ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап ок атууну токтотпой жатканы айтылууда.

Саат 14:00гө карата ок атышуу уланууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат жана тажик тарапты Кыргызстандын позицияларына ок атууну токтотууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД