Баткенде акыркы коңгуроого карата эскертүүлөр жүргүзүлүүдө

Баткен шаарында акыркы коңгуроого карата эскертүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде милиция кызматкерлери окуучулардын ата-энелерин чогултуп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун сактоо максатында мектеп директору жана мугалимдери 9-10-11 класстын окуучуларын ата-энелеринин катышуусунда Баткен шаардык мэрясы жанан билим берүү органдарынын кызматкерлери, ошондой казыят өкүлдөрү менен биргеликте профилактикалык иштерди жүргүзүп эскертүүлөр берилди.

Жыйындын жүрүшүндө ушул жылдын 9-июнунда белгиленип жаткан акыркы коңгуроо майрамы жана бүтүрүү кечелери күнү жаш өспүрүмдөр коштоосуз өз алдынча уюшулуп экскурцияларга, тоолорго чыгуусунун алдын алуу, мыйзамсыз акча жыйнабоо, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, унааларда кортеж менен сейилдөөгө тыюу салынганын белгилеп, эскертүүлөрдү берип, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча талкуулар кенен жүрдү.

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо, бүтүрүүчү кечелерде күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД