Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Эки аскер кызматкери жарадар болду

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан эки аскер кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар учурда тез жардам кызматы аркылуу Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жабырлануучунун абалы оор, экинчисинин абалы орто. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылганды, диагноздор боюнча кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД