Ички аскерлердин жоокерлери Өзгөн районунун жашоочуларына жардам беришүүдө

ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары Өзгөн районунун жашоочуларына жардам беришүүдө. Бул тууралуу ИИМ Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Өзгөн райондук администрация башчысынын биринчи орун басары ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгына Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылындагы селдин кесепеттерин тазалоого жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылган. Бул кайрылууну 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын жетекчилиги колдоого алып, 2022-жылдын 2-июнунда 703 аскер бөлүгүнүн (Өзгөн шаары) өзүнчө ротасынын 20 аскер кызматкерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Аталган жерге келген аскер кызматчылары селдин кесепеттерин жоюуга киришип, көчөлөрдү жана короолорду тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө аскер кызматкерлери айылдын жашоочуларына табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жигердүү жардам берип жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД