
КР саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "КР министрлер кабинети жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, КР саламаттык сактоо министринин орун басары – КР башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп Бүбүжан Арыкбаева, ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Жаркынбек Касымбеков дайындалды.
Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары – КР башкы мамлекеттик санитардык врачы Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматулаев, Жапаркул Ташиев ээлеген кызматынан бошоткон болчу.
Аталган чечимдер "КР министрлер кабинети жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.