
Коррупцияга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Соттун чечиминин негизинде Бейшеналиев бир айлык мөөнөткө кармалды.
Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.