
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 16-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетишмекчи. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ар бир учуучу топто 405 ажы сапар алып, аларды 8 ажы башчы коштоп бармакчы.
Ал эми ажылардын акыркы тобу 22-июнда Медина шаарына жөнөп кетишмекчи.