
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.
Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.
Ал 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы "Али аль-Байт" мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.