
Кечээ, 6-июнда ЖК төрагасы Талант Мамытов Армения Республикасынын борбор калаасы Ереванда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйынына катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов мындан 30 жыл мурун Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимге кол коюлганын, ал эми 20 жыл мурун ошол документтин негизинде Жамааттык коопсуздук келишими уюму түзүлгөнүн эске салды.
Бүгүн, 6-июнда Төрага Талант Мамытов Армения Республикасынын борбор калаасы Ереванда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйынына катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов мындан 30 жыл мурун Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимге кол коюлганын, ал эми 20 жыл мурун ошол документтин негизинде Жамааттык коопсуздук келишими уюму түзүлгөнүн эске салды.
Ал эми жыйындын күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралып, ЖККУ алкагында кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы баяндамалар жасалды. Ошондой эле уюштуруу иштерине тиешелүү сунуштар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы ЖККУ ПА Кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Армения Республикасына иш сапары менен барган. Делегациянын курамында депутаттар Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев жана Алишер Эрбаев бар.