Жыл башынан бери өрт кырсыгынан улам 16 адам каза болгон

2022-жылы балдардын от менен ойноосунан 28 тилсиз жоо катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

- электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелерин бузуудан (384 өрт кырсыгы);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (132 өрт);

- мештерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу (126 өрт);

- балдардын от менен ойноосунан (28 өрт).

Үстүбүздөгү жылды өрт-куткаруу кызматы тарабынан 72 баш мал, 18 унаатехника куткарылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын беш айында республика боюнча 823 өрт кырсыгы катталып, 16 адам каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД